Haber

Президент С. Ш. Жээнбеков ОшМУнун 3 жыл аралыгында курулган 12-окуу корпусунун кызыл тасмасын кести

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультети үчүн курулган 5 кабаттуу окуу имаратынын ачылуу аземи бүгүн, 16-август күнү болуп өттү. Саамалыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышып, окуу имаратынын кызыл тасмасы кесилди.

Ачылуу аземине Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева, Жогорку Кенештин депутаты Айнуру Алтыбаева, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын ректорлору, окутуучулар, студенттер катышышты.

Салтанатта куттуктоо сөзүн жолдогон өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Ош мамлекеттик университети учурда бардык көрсөткүчтөр боюнча Кыргызстандагы билим берүүнүн флагманы экендигин айтып, мындай ийгиликтерди багындырууда ынтымактуу жамааттын, мыкты уюштургуч жетекчинин эмгеги зор деп баса белгиледи. Президент өз сөзүндө дүйнөлүк рейтингде эң жогорку деңгээлде турган атактуу Массачусетс, Стенфорд, Гарвард, Кембридж, Оксфорд университеттери борбор шаарлардан алыс жайгашкандыгын мисал катары айтты. “Сиздердин университет облустук борбордо жайгашканы менен азыркы күндө өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайы экендиги талашсыз, ал эми Ош шаары билимдин Ордосуна айланып баратат. Бул сиздин жамааттын талыкпаган эмгегинин жана туура менеджментинин натыйжасы.

Адамдын руханий дүйнөсүн байытуу, адамдык баалуулуктарга тарбиялоо бүгүнкү билим берүү системасынын эң башкы багыты. Мына ушул миссияны сиздердин университет аткарып жатат. Өнөр факультетинин заманбап корпусунун ачылышы бул аймактардагы өнөр, маданият тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошуп, таланттарды тарбиялап, өнөрдүн рух борборуна айланат деп ишенем. Бул факультеттен өнөр, маданияттын көтөргөн таланттар өсүп чыга берсин”, -деди С.Жээнбеков. Ошондой эле Искусство факультетине музыкалык аспаптарды алуу үчүн 200 000 сомдук сертификат тапшырды. 2017-жылы пайдубалына капсула салынган 5 кабаттан турган окуу имаратта аудиториялар, лабораториялар, лекциялык залдар, окуу кааналары орун алып, алардын баары кенен, жарык, санитардык, гигиеналык талаптарга жооп берет.

Ошондой эле дизайн, стилист, костюмер сыяктуу кесипте окуп жаткан студенттер үчүн тигүү цехтери, көргөзмө залдары орун алган. Ал эми сүрөт искусствосунда окугандар үчүн дайыма иштеп туруучу көргөзмө залы жана алыскы, жакынкы, түрдүү аралыктардан сүрөт тартууга ыңгайлашкан окуу залдары бар. Ал эми музыка бөлүмү үчүн жекече сабактарды, вокал, эстрада, музыкалык түрдүү форматтагы сабактарды, иш аракеттерди өткөрүүгө атайын ыңгайлашкан спецификалык өзгөчөлүктөр эске алынган.

Имараттын айланасы кооз аллеяга айланган, мында студенттер эс алып, көркөм чыгармачылык менен алектенүүгө мүмкүнчүлүктөр бар.

Имараттын жанында жайгашкан чоң концерттик зал реконструкцияланды, анда таланттардын чыгармачылык кечелери өткөрүлмөкчү.

Корпустун уникалдуулугу 38 метрге кыргыздын улуттук аспабы комуздун элеси (силуэти) орнотулду, ал түнкүсүн жарык берип, тыныгуу мезгилинде комуз күүсү жаңырып турат.

Имараттын көпчүлүк бөлүгү айнектен болгондуктан шаарыбыздын көркүнө көрк кошкон, улуттук сыймык менен мактана турган, данктана турган окуу корпусуна айланды.

Белгилей кетсек, бул имарат ОшМУ акыркы 3 жылда курган он экинчи окуу имараты болуп саналат. Аталган имаратта жаңы окуу жылынан Искусство жана Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери билим алышат.

5474 14:59 16-08-2018

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|