Haber

ОшМУнун “Зирек” балдар бакчасында “Жайлоо бала бакчаларында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” программасы боюнча тарбиячылар жана жайыт комитеттеринин башчылары үчүн үч күндүк тренинг ба

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» балдар бакчасында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Баткен, Жалал-Абад, Ош областарынын «Өз күчүбүз менен жайлоо бала бакчалары”долбооруна катышкан жайыт комитеттери жана тарбиячылар үчүн 30 – майдан 1 – июнга чейинки үч күндүк тренинг бүгүн өз ишин баштады. Тренинге Баткен, Кадамжай, Лейлек, Сузак, Аксы, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунан жалпы 30 дан ашык өкүл катышууда.

Тренингдин ачылышына ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Т.Жумабаева, жогорку окуу жайга чейинки билим берүү департаментинин директору А.Омаралиев, “Зирек” балдар бакчасынын директору Т. Умурбекова жана Бишкек шаарынан келген “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонддун, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин, Ага Хан фондунун өкүлдөрү катышышып, коноктор тренингдин ишине ийгилик каалашты.

“2014-жылы жай айларында Кыргызстандын бардык областарынын тоолуу аймактарында 35 жайлоо бала бакча ачуу пландалууда. Жайлоо бала бакчаларында тоолуу аймактарда жашаган мекендештерибиздин балдары үч ай бою күнүгө үч сааттан окуп, бири-бири менен эриш аркак иштеп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алат. Жайлоо бала бакчаларын ачуу Билим берүү жана илим министрлиги, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, жайыт комитеттери жана айыл өкмөттөрү менен кызматташтыкта ишке ашат. Бул долбоор малчылардын эң кедей үй-бүлөлөрүндөгү балдарды камтууга мүмкүндүк берет. «Жайлоо бала бакчалары» модели мектепке чейинки билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүк жагынан айылдык жана шаардык райондордун ортосундагы ажырымды кыскартууга көмөктөшөт”,-дейт “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун өкүлү, тренер Асылбек Жооданбеков.

Тренинг “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду, Ош мамлекеттик университети, И. Арабаев атындагы мамлекеттик университети, Ага Хан фондунун кызматташтыгында өтөт. Тренингде катышуучулар жайлоодогу балдар бакчасынын мааниси, аны уюштуруу жолдору, мектепке чейинки жаштагы балдарды жалпы өнүктүрүүчү (базистик) программасынын негизинде сабактарды окутуп-үйрөтүү, пландаштыруу, ата-энелер жана тарбиячы ортосунда кызматташуунун маанилүүлүгү, аларды бала бакчанын ишине катышууга тартуу жөндөмдөрү боюнча түшүнүк алышып, жайлоо шартында өтүлүүчү сабактардын сапатын жогорулатуучу ыкмалары менен таанышышат жана бул мезгилге чейинки жайлоо бала бакчаларынын тажрыйбасы, жайлоо бала бакчаларынын өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелер караларын ОшМУнун “Зирек” балдар бакчасынын директору Токтайым Умурбекова маалымдады.

Кошумчалай кетсек, үч күнгө созулган тренинг Ош мамлекеттик университетинин колдоосу менен ОшМУнун “Зирек” балдар бакчасынын базасында уюштурулууда. ОшМУнун дагы бир артыкчылыгы демөөрчүлөрдү күтүп отурбастан бакчанын алдында бардык жасалгасы менен даярдалган боз үйдү тигип койду. Максаты балдарды улуттук кийимдер, элдик кол өнөрчүлүк сыяктуу баалуулуктар менен жакындан тааныштыруу, улуттук кыргыз даамдары менен тамактандыруу.

13574 11:23 30-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|