Haber

“Ош периси -2014” сынагында ОшМУнун сулуулары жеңишке жетишти

Ош шаардык жаштар комитети Ош улуттук драма театрында уюштурган “Ош периси -2014” сынагы жыйынтыкталды. Жылдагыдан өзгөчөлөнүп быйыл ага ЖОЖдордун студенттери менен катар Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын кызматкерлери да катышышты. Сулуулар сынагына катышкан 11 сулуунун ичинен баш байгени ОшМУнун "ОшМУ периси - 2014" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү, медицина факультетинин студенти Бекова Аида жеңип, ал эми “1-Вице-перини” ОшМУнун чет тилдер факультетинин студенти Токтомаметова Айжамал жеңип алды.

Эми алар экөө тең "Кыргызстан периси" сынагына катышмай болду. Бекова Аида болсо "Мисс Азияга" жолдомо алды. Кыздарыбызды сыйлыктары менен куттуктайбыз!

9546 09:23 29-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|