Haber

Поэзия күйөрмандарынын катышуусунда “Жүрөктүн өчпөйт жалыны” аттуу поэзия кечеси болду

Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинде ОшМУнун 75 жылдык мааракесине арналган “Жүрөктүн өчпөйт жалыны” аттуу поэзия кечеси болуп өттү.

Поэзия кечеси колледждин Аксакалдар кеңеши тарабынан уюштурулуп, университеттин физика-математика факультетинин 1969-жылкы бүтүрүүчүсү, өзү эмгектенген айылындагы калкка кадыры, эмгеги сиңген, “Эл агартуунун ардактуусу” наамынын ээси, чыныгы устат, педагог, акын Жумагүл Исмаилованын чыгармачылыгына арналды. Кечеге ОшМУнун ректорат жамаатынан өкүлдөр, окутуучулар, студенттер, ардактаган достору, жакындары деги эле поэзия күйөрмандары катышышып, куттуктоо сөздөрүн жолдоду.

“Жүрөктүн өчпөйт жалыны” аттуу ыр жыйнагынын автору Жумагүл Исмаилова поэзия ышкыбоздоруна “Кыргыз жерим, “Сагынганда”, “Айылым”, “Өңү өчкөн кийимдей”, “Аттиң арман” сыяктуу бир топ ырларын көркөм окуп “Мен да бир кезде силердей студент болуп, ушул куттуу университеттин туурунан учканмын. Менин чыгармачылыгымды колдоп, жаштарга үлгү болсун деп 75 жылдыктын алдынан чакырып отурганыңыздарга терең ыраазымын”,- деп, жаштарга турмуштан алган тажрыйбалары тууралуу кеп-кеңешин айтты.

Кечеде акындын турмуш, мекен, сүйүү, жаштык, өмүр тууралуу ырлары Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү, окутуучулар, достору, студенттер тарабынан көркөм окулуп, автор тууралуу театрлашытырылган сахналык көрүнүштөр коюлуп, чыгармачыл инсандар тарабынан обондуу ырлар жаңырды.

“Быйылкы жылы белгиленүү алдында турган ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата поэзия кечесин уюштурдук. Мында биз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылындагы Крупская мектебинде бир топ жыл үзүрлүү эмгектенген, үй-бүлөдө сүйүктүү жар, ардактуу эне, айылдагы кадырман аялдардын бири, акын, ОшМУнун алгачкы бүтүрүүчүсү Жумагүл Исмаилованы конок катары чакырдык. Анкени эл ичиндеги мындай талантуу, кадырлуу инсандарды жаштар менен жолуктуруп, кеп-кеңешин угуу жаштар үчүн баа жеткис. Ошондой эле каарманыбыздын мындан аркы жашоосунда стимул болот деген ойдомун”, -деди финансы-юридикалык колледжинин директору Тамара Акматова.

Салтанаттын жүрүшүндө финансы-юридикалык колледжинин Аксакалдар кеңешинин төрайымы Асел Кадырова баш болгон жамаат куттуктоо сөзүн айтып, белектерин ыйгарды.

9814 18:29 27-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|