Жыйынтыктоочу аземде сөз сүйлөгөн физика-техника факультетинин деканы Марал Өскөнбаев илимий жумалыктын алкагында уюштурулган конкурстун жеңүүчүлөрүн куттуктап, студенттерди мындан ары да татыктуу билим алып, ар дайым эмгекчил болууга чакырды. Ошондой эле илим жумалыгына активдүү катышкан окуунун мыктыларын, мыкты илим изилдөөчүлөрдү, аспиранттарды, III регионалдык студенттердин олимпиадасында байгелүү орундарды камсыз кылган алдыңкы студенттерди, мыкты макет жасаган, дубал гезит даярдаган студенттерди, тайпаларды ийгиликтери менен куттуктап ардак громата, баалуу белектер менен сыйлады.
“Быйылкы жылы илим жумалыгында биз студенттердин илимге болгон кызыгууларын жогорулатуу, алардын билим деңгээлин, чыгармачылык дараметтерин ачып берүүнү максат кылган конкурстарды уюштурдук”, -деди декандын илимий иштер боюнча орун басары Зымырат Оморалиева.
Белгилей кетсек, университетте аталган факультеттин студенттери ойлоп табуучулук жактан ийгиликтерди жаратып келишет.