Haber

ОшМУда III Түштүк регионалдык Инвецтициялык форум өтүп жатат

Ош мамлкеттик университетинин чоң жыйындар залында бүгүн, 22-май күнү Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурган III Түштүк регионалдык Инвецтициялык форум өтүп жатат. Форумга Ош шаарынан жана Ош облусунан бир катар ишкерлер жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укукту өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Кашкар округунун губернаторунун орун басары Ван баш болгон инверсторлор катышууда.

Ошондой эле форумга карата Ош облусунун райондорунда өндүрүлгөн продукциялардын жарманкеси да болууда. Анда негизинен айлы чарба продукциялары, курулуш материалдары, кичи жана орто ишканалардан өндүрүлгөн продукциялар коюлган.

10275 12:12 22-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|