Haber

Медициналык колледж салтка айланган ата-энелер жолугушуусун уюштурду

Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинде бүгүн, 21-май күнү салтка айланып ар жылы уюштурулуп келе жаткан ата-энелер жолугушуусу болуп, ага медициналык коледждин окутуучулар жамааты, студенттер жана колледжде 6 адистик боюнча билим алып жаткан студенттердин ата –энелери катышышты.

Жолугушуу кечесинде сөз сүйлөгөн медициналык колледждин директору Курсантбек Аттокуров ата-энелер менен окуу жайдын дайыма кызматташып туруусу учурдун талабы экендигин айтып, жаш муундардын тарбия, билим алуусу, өсүп өнүгүүсү үчүн окуу жай менен ата-эненин орду өтө чоң экендигин кошумчалады.

Жыйынга Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан келген ата-энелерге Ош мамлекеттик университети, медициналык колледжи тууралуу видео-роликтер көрсөтүлүп, университеттин, студенттердин акыркы мезгилдердеги жетишкен ийгиликтери тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле мыкты билим алып, коомдук-маданий иш-чараларга активдүү катышкан 18 студенттин билим алган мектебине, окутуучуларына, ата-энелерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ата-энелер балдарына билим берип келе жаткан колледждин жетекчилерине, окутуучуларга кызыктырган суроолорун берип, пикирлерин айтышып, ыраазычылык сөздөрүн жолдоду.

“Медициналык колледжде ата-энелер жолугушуусу жөрөлгөгө айланып жыл сайын уюштурулуп келет. Негизги максатыбыз ата-эенелер менен байланышты күчөтүү, пикир алышуу, таанышуу, биргеликте студенттердин келечегине кам көрүү, сунуштарын угуу, жетишкен ийгиликтерибиз менен бөлүшүү болуп саналат”, -деди колледждин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Асылбек Айтмамбетов.

Жолугушуу жылуу маанайдагы пикир алышуу менен уланып, ата-энелер медициналык колледжин материалдык-техникалык базасы менен таанышып, таланттуу студенттердин концерттик программасына да күбө болушту.

10997 16:21 21-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|