Haber

ОшМУда муундар аралык байланыш уланып келет

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин мында жыйырма жыл мурун бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуу кечеси аталган факультетте уюштурулду.

Жолугушуу кечесине факультеттин деканы С.Момуналиев баш болгон окутуучулар жамааты, студенттер, мындан жыйырма жыл мурун так ушул тайпаларга куратор болуп, кеп-кеңешин айткан окутуучулары катышып, куттуктоо сөздөрүн жолдоду. Салтанат факультеттин тегерек залында уюштурулуп, келген конокторго факультеттин талантуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, факультетке саякат уюштурулду.

Сөзгө чыккан КФжЖ факультетинин деканы С.Момуналиев өзүнүн куттуктоо сөзүн жолдоо менен калеминен жаралган “Курсташтар” деген ырын окуп берди.

“Муундар аралык байланышты уюштуруу биздин факультетте салтка айланган. Бүгүнкү жолугушууда да мындан жыйырма жыл ушул куттуу университеттен билим алып, турмушка аттанган курсташтар жолугуп, сырдашып, ийгиликтерибизди бөлүшүп, бизден кийинки муундар менен пикир алышып отурабыз. Мындан жыйырма жыл илгери 120 студент ОшМУнун билим уясынан учуп, азыркы учурда билим берүү, ошондой эле түрдүү тармактарда мекен үчүн кызмат кылып келе жатабыз”, -деди жолугушуунун уюштуруучусу, бир кездеги бүтүрүүчү, ОшМУнун КФжЖ факультетинин окутуучусу, п.и.к. Мастура Шарипова.

Белгилей кетсек, 1994-жылы университетти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн ичинен бешөө бүгүнкү күндө ОшМУда үзүрлүү эмгекенип келүүдө.

9622 16:56 19-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|