Haber

“Мамыралы Эшбаев – сүрөт өнөрүнүн акыны (Кабар маалымат агенттигинен алынды)

Сүрөтчү-педагог, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин доценти, КРнын маданиятынын отличниги “Мамыралы Эшбаев – сүрөт өнөрүнүн акыны. Анын сүрөттөрүнүн ар бир сүртүмү так, даана”, - деп кесиптеши Абдрахман Айдосов баа бергендей, Мамыралы агайдын чыгармаларында өзгөчө бир жандуулук сезилип тургансыды. Бирок, баарынан маанилүүсү бул көргөзмө сүрөтчүнүн экинчи өмүрүнүн барактарын ачып жатканында. Себеби, 2006-жылдан тартып 5 жыл бою М.Эшбаев катуу ооруга туш болуп, көрүүсүнөн ажырап, жашоосундагы баалуулуктарынан ажыроо коркунучу менен жашап келген. Бирок, анын жан дүйнөсүнүн кубаты, чыгармачылыкка болгон эңсөөсү кайрадан колуна кыл калемин карматып, сүрөтчүлүк талантын улантуу мүмкүнчүлүгүн тартуулады. Мына ушундай кызыктуу тагдыр менен туубаса таланттын ээсине бир нече суроолор менен кайрылдык.

- Сүрөтчүлүк кесиптин ээси болуп калышыңызга кандай шарттар түрткү болду?

- Сүрөтчү болуп калышыма туулуп-өсүп, балачагым өткөн жер абдан табигаты кооз жер болгондугунун таасири бар деп ойлойм. Ал кез советтик учур болчу.Көк асмандын алдында, тынчтык мезгили. Анда азыркыдай базарларда араба түрткөн балдар болчу эмес. Курсагыбыз ток, ойноп-күлүп, тынчтык заманда, жакшынакай учурда чоңойдук. Жерибиздин сулуулугун, кооз дүйнөнү бала кезимден байкап чоңойдум. Бала кезибизден жомокторду, ар кыл кызыктуу китептерди көп окучубуз. Мына ушул керемет көрүнүштөрдү тегиздикке чагылдыргым келет эле. Өзүмдүн кыялым, ой-чабытым менен көп тартчумун. Ошол кезде биздин айылда бир чоң маданият үйү бар эле. Анын имараты дубалдары, шыбына чейин сүрөттөр менен кооздолгон эле. Мифологиялык сүрөттөр, гүлдөр, тематикалык ар түрдүүлүктөгү сүрөттөр тартылган. Мен ошолорго кызыгып, ушундай сүрөттөрдү тартсам, сүрөтчү болсом деп кыялданар элем. Ал сүрөттөрдү сүрөтчүлүк атайын билим албаган, Полот аттуу айылдык сүрөтчү тарткан экен. Анын эмгектери менин көркөм өнөргө кызыгуумду арттырган. Азыр ойлосом ошондой сүрөттөрдү тарткан адам туубаса таланттын ээси болгон экен. Учурунда атам мектепте тарых мугалими болуп иштечү. Ал мага дайыма “сүрөт тартпа көзүңө зыян” деп айта берчү. Мен болбой атамдан бекинип алып, кыялымдагы көрүнүштөрдү кагазга түшүрчүмүн. Сүрөтчүлүк өнөргө таасирленткен дагы бир түрткү апамдын кол өнөрчүлүк менен алектенгени болду. Кыргыз энелеринин кийиз, шырдак жасоо, чий токуу процесстерин көп көргөм. Жүндү сабап, боеп даярдагандан кийин бетине өтө кооз оймо-чиймелерди түшүрүп, кызыл-тазыл ала кийиз, шырдактарды жасап койгондуктары мага абдан кызыктуу болчу. Мына ушундай көркөм буюмдардын жасалышын көрүү мага абдан чоң таасир берген.

-Сиздин эмгектериңиздин арасында “Түндө” деген аталышты көп байкоого болот экен. Бул чыгармачыл эргүүңүздүн маалы окшойт?

-Туура айтасың. Чыгармачыл адамдардын эргүү келген мезгили ар түрдүү. Мен күндүзү окутуучулук менен алектенгендиктен, чыгармачылыгыма түнкү маалда көп убакыт бөлүүгө туура келип жүрдү. Бир катар эмгектеримдин үстүндө түнкүсүн иштеп, саат 3-4кө чейин калем кармап отурган учурлар өттү. Кээде кызымдын портретин тартууда, түн бир оокум болуп кетип, кызым уктап калган учурлар да болгон. Негизи түнкүсүн сүрөт тартуу көзгө аябай зыян экен. Ошентип жүрүп катуу оорудан көрбөй калып, 4 жыл бою жетелетип жүрдүм. Жөнөкөй адам үчүн көрүүсүн жоготуу канчалык оор болсо, сүрөтчү үчүн андан да кыйын болот экен. Оору менин чыгармачылыгымда 5 жылдык тыныгууга алып келди. Көргөзмөлөрдү өткөрө албай калдым. Бирок, сүрөтчүлүктү таштаган жокмун, көркөм өнөр менин кыялымда жашап, элестетүү менен кагазга чиймелеп жүрдүм. Ошол эмгектеримде азыр карасам абстракция, сюрреализм агымдарында иштелгени байкалат. Көз көрбөсө, адамдын ички сезимдери, туюмдары өрчүйт экен. Ошол кезде келген чыгармачыл идеяларымды оюмда аткарып, бүтүрүп жүрдүм. Оюмда графика, живопись багыттарында, композициялык түзүлүшү кандай болуш керек деп бардык кыялдарымды топтоп жүрдүм. Эми кийинки эмгектеримде мен ички туюмдарыма таянып, жан дүйнөмдүн сезе билүүсү менен тартып калдым.

-Балдар темасына көп кайрылат экенсиз?

-Улам жаш өтүп, балалыктан алыстаган сайын бала чакты сагынуу, эңсөө күчөйт экен. Кичинекей курактагы досторуңду эстейт экенсиң. Балалыгым бактылуу өттү. Балдардын дүйнөсү, көкүрөгү таза, аруу, дүйнөгө болгон көз караштары зирек болот. Ушул нерселер оюңа келгенде башкача сезимдер пайда болот. Сүрөтчү педагог катары дайыма балдар менен иштейм. Ошондуктан аларга жакынмын. “Балачакта”, “Балалык кез”, “Гүлчө нан” деген эмгектерим ушул өзүмдүн алтын балалыгымдын сүртүмдөрү. Булардын ичинен “Гүлчө нан” Киевде көргөзмөдө турат. Мында апам кичинебизде атайын балдарга арнап жапкан кичинекей тегерек гүлчө нандарды тарткам.

- Эмгектериңиздин аталыштарын кандай тандайсыз?

- Чыгармачылыкта чагылдырылган турмуштук, жашоонун карама-каршылыктары, ачуу таттуу, ак-кара деген сыяктуу контрасттык көрүнүштөр аркылуу берилет. Жашоодо түз эле кеткен жол жок да. Мына ушундай шарттар темаларды берет. Согуш темаларындагы, тарыхый жанрдагы чыгармаларым бар. Мисалы, кан майданда окко учкан эр-азаматтардын артында туяктары жетим калган, ал эми тылда калгандар эмгектенип, согушка кеткендерди күтүп, эскерип келишет. Ушул темага арналган “Эскерүү”, “Эстөө” деген чыгармаларым бар. Ошондой эле жашоодо кубанычтуу, жакшы учурлар, тойлор болот. Мындай учурлар боектору кызыл-тазыл, өзгөчө кооз сүрөттөр аркылуу чагылдырылат. Адамдын башына каран түн түшкөн мезгилдер да сүрөтчүгө айрым темаларды берет. Кээде атайын бир теманы коюп алып, анан композицияны жараткан учурлар болот.

- Чыгармачылыгыңызда жыл мезгилдеринин кайсынысына көп орун берилген?

- С.Есениндин “асманда жылдыз жымыңдап турса, чегиртке чырылдап турса, мелүүн жел желпип өтүп турса, мен жакшы эс алам” – деген ыр саптары бар. Ошол төрт сапта акын кайсы учурду берип койгон? Бул -жайкы түн. Акын төрт сап менен бүтүндөй бир мезгилди сүрөттөгөн сыяктуу, сүрөтчү жылдызды жымыңдатып, чегирткенин чырылдаганын угулгандай чагылдырып, сездире алса чоң сүрөтчү деп эсептейм. Дегинкиси, мен чыгармаларымда дээрлик бардык эле мезгилдерге токтолуп кеткем.

-Тагдырдын сыноосун жеңип, сакайып, кыл калемди кайрадан колуңузга алгандан кийин чыгармачылыңызда кандай жаңылыктар болду?

- Аалам жана адам темасында, биздин жашоого келишибиз тууралуу көп ойлоно турган болдум. Менимче аалам түбөлүктүү жана абдан чоң. Учурда көптөгөн илимий ачылыштар болуп, ааламдын түзүлүшү, күн системасы жөнүндө кеңири биле баштадык. Жер шары бир кеме сыяктуу болсо, биз адамдар анда эч кандай жипсиз, Алланын кудуреттүү күчү менен кармалып турабыз. Жашоо кечирип жатабыз. Адамдар бул жашоого келип кеткен мейман экендигине карабастан, бири-бири менен урушуп, касташып жашайт. Улам муун алмашып, баштагылары өз милдетин өтөп, дүйнөдөн өтүп кетет экен. Ушуну эске албай коет экенбиз. Мына ушул теманы көп чагылдырууну максат коюп турам.

- Заманбап шарттарда сүрөтчүлүк кесиптин келечегин кандай көрөсүз?

- Эгемендүүлүктү алгандан кийинки биздин сүрөтчүлөрдүн аң-сезиминде абдан чоң өзгөрүүлөр болду. Советтик мезгил менен салыштыра турган болсок, ал кезде жакшы шарттар түзүлүп берилгени менен кандайдыр бир чектөөлөр боло турган эле. Мисалы, абстракттык, сюрреализм агымдарында тартууга мүмкүн болгон эмес. Мындай эмгектерди көргөзмөлөргө албай коюшчу. Учурда кандай жанрдык, агымдагы багытта тартат сүрөтчүнүн өз эрки. Чыгармачылык эркиндик толук өкүм сүрөт.

- Алдыда кандай максаттарыңыз турат?

- Буга чейин да бир катар шакирттерди даярдап чыккам. У.Сатыбаев, Э.Мешалиев сыяктуу аты чыгып калган сүрөтчү шакирттерим бар. Учурда окутуучулук ишмердигимди улантып, мыкты сүрөтчүлөрдүн чыгышына салым кошсом деген максаттарым бар. Баягы чыгармачылык тыныгуу учурундагы боштукту толтуруп, дагы далай эмгектерди жаратсам деген ниетим бар. Ошол эле учурда чыгармачылыкты улантууга мүмкүндүк керектигин белгилегим келет. Айтайын дегеним, учурда дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө согуштук жагдайлар түзүлүп, кан төгүлүп жатат. Биз эл үчүн иштейбиз. Ушул себептүү элде тынчтык, бакубаттык болушу керек. Мен ушуга тилектешмин.

Маектешкен Венера Акматова, “Кабар”

10323 08:56 19-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|