Haber

ОшМУнун ректору Азамат Алтай наамындагы эл аралык фонддун алтын медалы менен сыйланды

Ош мамлекеттик университетине кыргыздын белгилүү спорттук баяндамачы, журналисти, «Азаттык» үналгысынын кабарчысы Кабыл Макешов жана Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук коомдук фонддун президенти Тойчубек Турганбаев келип, ОшМУнун профессордук окутуучулук курамы менен жолугуп, университеттин 75 жылдык тарыхы камтылган музейинде болушту.

Жолугушуу учурунда Азамат Алтай атындагы фонддун өкүлдөрү ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаковго руханий маданияттын өнүгүшүнө жана билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн Азамат Алтай наамындагы эл аралык фонддун алтын медалын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) кыргыздын чыгаан журналисти, публицисти жана коомдук ишмери болгондугу айтылып, анын 40 жылга чамалаш өмүрү «Азаттык» үналгысына арналгандыгы тууралуу сөз болду.

Азамат Алтай атындагы фонддун өкүлдөрүнүн атынан Кабыл Макешов өзүнүн “Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы”, “Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда” , ошондой эле “Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы” деген аталыштардагы бир топ баалуу китептерин окуу жайдын китепканасына тапшырышты.

11145 12:45 17-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|