Haber

ОшМУга Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки келди

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков бүгүн, 16-май күнү Япониянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Коикэ Такаюки жана элчиликтин 2-катчысы Такума Маэданы кабыл алды.

Жолугушууда ОшМУнун алдында курулуп жаткан медициналык клиника боюнча сөз болуп, биргелешип кызматташуу тууралуу пикир алышуу жүрдү. ОшМУнун жетекчиси университеттин базасында курулуп жаткан медициналык клиниканын алдыдагы милдеттери, курулуш иштери, кызматы тууралуу айтты.

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Коикэ Такаюки биргелешип кызматташууга кызыктар экендигин, бүгүнкү күндө курулуш иши жүрүп жаткан клиника тууралуу жылуу ойлорун билдирди. Ошондой эле бул багытта кызматташууга даяр экендигин кошумчалады.

Фото: Р.Максытовдуку

11469 16:13 16-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|