Haber

ОшМУда IV Республикалык жогорку окуу жайлар аралык олимпиада жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде бүгүн, 16-май күнү бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиктери боюнча IV Республикалык олимпиада старт алды.

Олимпиаданын ачылуу аземи ОшМУнун башкы имаратында өтүп, ага республикадагы 14 жогорку окуу жайынан профессордук –окутуучулар курамы, студентер катышышты. Салтанаттуу жыйындын ачылышында сөз сүйлөгөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков олимпиаданын катышуучуларына ийгилик каалоо менен мындан ары да жогорку окуу жайлар аралык кызматташтыкты колго алып, бухгалтердик эсеп, аудит жана анализ адистиктери боюнча өз ара академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча сунушун айтты.

Ачылуу салтанатынан соң ОшМУнун бизнес жана менеджмент факультетинде ““Бухгалтердик учет, анализ жана аудит” багытында адистиктерди даярдоо, окуу программаларын оптималдаштыруу” деген темада тегерек стол уюштурулду. Белгилей кетсек, IV Республикалык жогорку окуу жайлар аралык олимпиада 16-17-май күндөрү бизнес жана менеджмент факультетинде өтөт. Анда бухгалтердик эсеп, анализ жана аудит адистиктери боюнча 14 жогорку окуу жайынан келген студенттер билим дараметтерин көрсөтүшөт. Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан Ош шаарына саякат уюштурулат. Ал эми жалпысынан олимпиадага студенттерин жетектеп экономика багытындагы 10 илимдин докторлору, 12 илимдин кандидаттары да келишкен.

12701 14:11 16-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|