Haber

ОшМУда 15-май күнү чон шоу-программадагы “Билим майрамы” өттү (фото жана видео баян)

Ош мамлекеттик университетинде 15-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү иш-чараларынын алкагында уюштурулган чон шоу-программаларды камтыган “Билим майрамын” болду.

“Билим майрамында” ОшМУнун факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартулап, ар бир адистик өзүнүн жетишкендиктерин, чыгармачылык дараметин, деңгээлин, интерактивдүү шоу- программаларын көрсөтүп беришти. Аталган майрамга Ош шаардык мэриясынан, Ош облусунан, билим берүү башкармалыктарынан, жогорку окуу жайларынан өкүлдөр, Ош облусунун бардык райондорунан, Ош шаарынын бардык мектептеринен абитуриенттер, жогорку окуу жайларынан студенттер, мектеп мугалимдери, ата-энелери болуп жалпысынан 5000ден ашуун коноктор келип, майрамга күбө болуп, каалаган адистик боюнча маалымат алышып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар менен таанышып, университетке саякат жасашты.

Майрамдык салтанатты ОшМУнун таланттарынын жандуу үн, оркестрдын коштоосундагы концертти, өзгөчө бийлер, шайыр тапкычтар клубунан күлкү, дизайнерлердин мода көргөзмөлөрү сыяктуу өзгөчө программалар коштоп, келген коноктордун маанайын көтөрүп, майрамды шаңга бөлөдү.

“Биз бүгүн жылдагыдан өзгөчө “Билим майрамын” уюштурдук. Мында келечек муундарга билим берип келе жаткан ОшМУнун факультеттеринде кандай иштер жүрүп жатат, коомго эмне бере алат, кандай адистиктер бар жана аларга кандай шарттар түзүлгөндүгүн коомго ачык көрсөтүп берүүнү негизги максат кылып алганбыз. Бүгүнкү иш чарада келген абитуриенттер ОшМУдагы табылгаларга, жетишкендиктерине күбө болуу менен аларда каалаган кесипти тандоого чоң багыт болот деп ойлойм”, -деген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков абитуриенттерге ак жол каалап, майрамдагы ар бир даярдыкка коноктор менен биргеликте күбө болду.

Келген абитуриенттерге уюштуруучулар тарабынан атайын анкеталар таркатылып, алардан “Билим майрамы”, келечекте кайсы кесипти тандай тургандыгы, кайсы факультеттин уюштурган жарманкеси өзгөчө болгондугу тууралуу жооптор алынып, ОшМУ тууралуу маалыматтар таркатылды.

Белгилей кетсек, 75 жылдыгын белгилөө алдында турган ОшМУда бүгүнкү күндө 3 билим берүү институту, 14 факультет, 110 кафедра, 2 медициналык колледжи, 1 финансы-юридикалык колледж, 2 лицей, 1 балдар бакча, 1 окуу борбор, 30дан ашык эл аралык борборлор, 21 окуу корпусу, 8 студенттик жатаканасы, 15 спорт комплекси, заманбап жасалма газондуу жана эл аралык талаптагы табигый чөптүү 2 футбол аянты, 1 теннистик корт, 13 студенттик ашкана студенттер үчүн кызмат кылат.

ОшМУда 78 адистик боюнча 27 миңден ашуун студент билим алышууда, алардын ичинен 799 студент чет өлкөлөрдөн келип билим алышкандар.

Фото: Айсана Паизова

14238 10:58 16-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|