Акцияга ОшМУнун 6 факультетинен 600дөн ашуун студенттер катышыштып, алар жөө жүргүнчүлөрдү жол эрежесин сактоого, атайын белгилерден, светафордун кызыл чырагы жанганда өтүүгө үндөштү. Айрым жол эрежесин бузган айдоочуларга, шаар тургундарына жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
“Бул акциянын негизги максаты шаар тургундарын жол эрежесин сактоого үндөө, кырсыктардын алдын алуу, жаштардын, коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Бул иш чараны Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети менен биргеликте өткөрүп жатабыз” – деди ОшМунун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канат.