Haber

Мыкты окуган 10 студентке стипендия тапшырылды

Ош мамлекеттик университетинде педагогикалык багытта билим алып жаткан жардамга муктаж 10 алдынкы, окуунун мыктылары болгон студенттерге ОшМУнун ректору, Ош шаардык Кеңешинин депутаты, профессор Каныбек Исаков депутаттык фондунан ар бирине 5 миң сомдон жалпы суммасы 50 миң сомдук стипендияларды тапшырды.

Ошондой эле ар дайым окууда ийгиликтерди жаратуу менен мекендин жүгүн аркалаган алдынкы педагогдордон болуп, келечекте мыкты адистерди даярдай турган мугалимдерден болуусун айтып, окууларына ийгилик каалады.

10529 10:25 08-05-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|