Haber

Биздин студент Евразияны багындырды

ОшМУнун 4-курсунун студенти Кадыр Келсинбеков белбоо күрөшү боюнча 100 килограммдан ашуун категорияда «Евразия — 2014 Кубогунда» таймашып күмүш медалды жеңип алды. Аталган мелдеш Россиянын Екатеринбург шаарында 23-25-апрелдеринде өткөн.

Мелдештин жүрүшүндө К. Келсинбеков тандоо айлампасынан өтүп, латвиялык балбан менен беттешип, андан соң россиялык спортчу менен алышып, акыры финалдык кармашта, түркмөнстандык балбанга бир упай уттуруп койгон. Маалыматтарда айтылгандай «Евразия — 2014 Кубогуна» Армения, Азербайжан, Белоруссия, Грузия, Израиль, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина, жана Россиянын курама топторунун өкүлдөрүнөн турган 160тан ашуун спортчулар катышкан.

Учурда спортчу жакынкы күндөрдө Түркмөнстанда өтө турган Белбоо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатына даярдык көрүүдө.

Белгилей кетсек, Келсинбеков Кадыр 2013-жылы Россия Федерациясынын Казань шаарында өткөн XXVII дүйнөлүк жайкы универсиадада күрөштүн классикалык стили боюнча коло медалынын ээси болгон.

12472 11:12 29-04-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|