Haber

Медициналык колледжде информатика предметинен эстафета өттү

Ош мамлекеттик университетинин Медициналык колледжинде жүрүп жаткан «Илимий жумалыктын» алкагында гуманитардык жана математикалык дисциплиналар кафедрасынын математика жана информатика предметинен «Эстафета» конкурсу уюштурулду.

Аталган конкурска колледждин стамотология, дарылоо иши алистиктеринин 2-курстарынан командалар катышышып 1-турда Word программасында ОшМУнун 75 жылдыгына карата университеттин тарыхы тбоюнча текст теришти, 2-турда MS Excel программасында медициналык колледжинин сапаттык жетишүүсүнүн диаграммасын тъзъъ, 3-турда «Менин университетим» деген темада Power point‎‎ программасында чыгармачылык менен слайд жасоо, 4-турда 2 семестрдин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн тесттерди аткаруу боюнча тапшырмаларды аткарышты. Конкурска кафедранын башчысы Р. Турганбаева, окутуучулар А.Шоруков, У.Асанбекова, Ж.Мисиралиевалар калыстык кылышты.

«Эстафета» конкурсун уюштуруунун негизги максаты тайпалар ортосунда ынтымакты, досутукту чыңдоо, студенттерди информатика предметине кызыктыруу, 75 жылдык мааракесин белгилөө алдында турган ОшМУ жөнүндө студенттердин кеңири маалымат алуусуна салым кошуу, алардын семестр ичинде алган билимдерин баалоо болуп саналат», - дейт информатика предметинин окутуучусу Максат Орозов.

Жыйынтыктоо мезгилинде кафедра башчысы Райкан Турганбаева аталган конкурстун максаттуу өткөндүгүн айтып, илимий жумалыкта жүрүп жатка ниш чараларга токтолуп, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди. Калыстардын чечимине ылайык 2ЛД9-5-12 тайпасы 1-орунга, 2СТ9-6-12 тайпасы 2-орунга, 2ЛД9-4-12 тайпасы 3-орунга ээ болуп, ардак грамота менен сыйланышты. Ошондой эле мыкты катышуучуларга да кызыктыруучу сыйлыктар берилди.

Белгилей кетсек, конкурстын башында команданын капитандары чучукулак менен атайын түрдүү түстө даярдалган ачкычтарды тандап алышкан, ал ачкычтар эстафетанын белгиси катары ар бир катышуучу тапшырманы бүткөндө кийинкисине жеткизип берип жатты.

9303 12:27 22-04-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|