Haber

ОшМУнун делегациясы Синьзян педагогикалык университетинин болуп кайтышты

2014-жылдын 8-апрелинен 12-апрелине чейин ОшМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен түзүлгөн 10 адамдан турган делегация Кытай мамлекетинин Синьзян педагогикалык университетинде болуп кайтышты. Делегациянын башчысы экономика жана финансы боюнча проректор Т.Эркебаевдин билдирүүсү боюнча делегациянын негизги Синьзян педагогикалык институту менен ОшМУнун ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында байланышты күчөтүү, тажрыйба алмашуу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

“Алгач университеттин кампусу менен таанышып, билим берүү системасы тууралуу маалыматтарды алдык. Ошондой эле университеттин Конфуций институтунун жүргүзүп жаткан иштери, жаңылыктары менен тааныштык. Бүгүнкү күндө Кыргызстандан жалпы 250 студент барып, мыкты билим алып жаткандыктарына күбө болдук. Ар бир делегация мүчөсү өзүнө тиешелүү тармактагы жетекчилер менен жакындан пикир алышып, кызматташуу багыттарындагы сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондой эле өтө чоң ылдамдык менен өнүгүп жаткан 3 млн 200 миң калкы бар шаардын курулуш иштери, өзгөчө жерлери менен таанышып кайттык. Сапар абдан жемиштүү болду”, -дейт экономика жана финансы боюнча проректор Тажимамат Эркебаев.

Сапардын жүрүшүндө делегациянын курамы Синьзян педагогикалык университетиндеги өзгөчөлүктөр жана алардын жетишкендиктери алардын мындан кийинки ишмердүүлүктөрүнө түрткү берээрин белгилешти.

9753 13:46 21-04-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|