Haber

Пакистандык жазуучу Ахмед Рашид ОшМУда лекция окуду (фоторепортаж)

Ош мамлекеттик университетинде 3-апрель күнү Пакистандык жазуучу жана журналист Ахмед Рашид лекция окуду.

Жыйынга КРдин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов, бөлүм башчысы Айбек Исаев, ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынан келген тарыхчы, социолог, политологдор катышышты.

Ректор Каныбек Исаков алгач келген коноктор менен тааныштырып Ахмед Рашид Жыйырма жылдан ашык Daily Telegraph жана Far Eastern Economic Review Афганистандагы, Пакистандагы жана Борбордук Азиядагы кабарчысы болгуп иштегендигин, 2009 -2010-жылдары «Foreign policy» журналынын 100 глобалдык ойчулдарынын тизмесине киргендигин айтты. Ал эми 2000-жылы «Талибан: Күжүрмөн Ислам, Нефть жана Борбордук Азиядагы фундаментализм» китебин жарыялаган, ал 1,5 миллиондон ашык нуска менен 22 тилге которулгандыгына белгилеп өттү. Пакистандан келген жазуучу, политолог Ахмет Рашит Борбордук Азия, Пакистан жана Афганистандагы коопсуздук жана бейпилдик маселелери боюнча лекция окуп, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.

Белгилей кетсек, «Discover Asia» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун чакыруусу боюнча Пакистандын белгилүү жазуучусу жана журналисти Ахмед Рашид Кыргызстанга келип, 29-марттан 4-апрелге чейин ачык лекцияларды окууда. Буга чейин Бишкек шаарында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучуларга лекция окугандыгы маалымдалган. Жазуучунун Кыргызстанга 20 жылдан ашуун убакыттан бери экинчи ирет келиши, аны жубайы коштоп жүрөт. Ал университеттин жамаатына ыраазычылык билдирип, өзүнүн жазган китептеринен окуу жайдын китепканасына белекке берди. Ошондой эле коноктор 75 жылдык тарыхы камтылган университеттин музейи менен да таанышты.

ОшМУда мындай түрдүү кесиптин ээлери менен интелектуалдык жолугушуулар байма-бай уюштурулуп келет.

15766 14:55 03-04-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|