Haber

ОшМУда юридика багытында Диссертациялык Кеңеш ачылды

Ош мамлекеттик университетинин Тарых-юридика факультетинде 31-март күнү юридика багытындагы 3 шифр боюнча Диссертациялык Кенештин ачылышы болуп, жыйынга ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков, окуу иштери боюнча проректор Абдыганы Абдувалиев жана Диссертациялык Кенештин түзүүчүлөрү, атайын келген коноктор катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн ректор К.Исаков “Бүгүнкү ОшМУда ачылып жаткан Диссертациялык Кеңеш Кыргызстандын илимий потенциалын арттырууга, өзгөчө жаштарды илимге тартууга болгон чоң иш аракет деп эсептейм. Анткени биздин окуу жайда буга чейин 6 Диссертациялык Кеңеш иш алып барып келсе, бүгүн минтип юридика илимдеринин доктору, профессор Эркин Дүйсенов башында турган бир топ Кыргызстан, боордош Казакстан мамлекеттеринин коомдук-саясий ишмерлери, юридика илимдеринин докторлору, профессорлорунун курамындагы 7- Диссертациялык Кеңеш өз ишин баштап отурат. Бул Диссертациялык Кеңешмеден келечекте чындап илимге берилген, мыйзам көйгөйлөрүн изилдеген, таза, илимий потенциалы жогору чыныгы илимпоздор чыга беришине тилектешмин”, -деп Кеңешменин ишине ийгилик каалады.

Ал эми Диссертациялык Кеңештин төрагасы Эркин Дүйсенов бул Кеңешменин Ош шаарында жайгашкан ОшМУда ачылышы укук коргоо илиминин өнүгүшүнө чоң салым кошоорун кошумчалады.

Айта кетсек, бүгүнкү Диссертациялык Кеңештин 1- жыйынында Шерипбек Кулдышев кандидаттын диссертациясын коргойт.

Фото: М.Турдубеков

13758 15:13 31-03-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|