Haber

ОшМУнун волейбол боюнча балдар командасы Республикалык универсиадада 1-орунду ээлешти

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлар арасында учурда өтүп жаткан “Универсиаданын” 1-лигасында ойноп жаткан Ош мамлекеттик университетинин волейбол боюнча балдар командасы 1-орунду ээлешип, кубок, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин диплому, медалдары менен сыйланышып, жеңиш менен кайтып келишти.

ОшМУнун намысын коргоп биринчи орунду камсыз кылышкан волейбол боюнча курама командасын ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков кабыл алып, жеңиши менен куттуктап, ыраазычылык билдирди.

“Сегиз жогорку окуу жайы таймашкан оюн абдан кызуу өттү. Биринчи-экинчи орун үчүн биздин команда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин командасы менен ойноп, жыйынтыгында биздин балдар жеңишке жетишти. Бул биз үчүн сыймык, команданын жеңиши жалпы университеттин жеңиши”,-деди курама команданын машыктыруучусу Тимурлан Даминов.

ОшМУнун педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы Бакытбек Муратбаев бүгүнкү күндө ОшМУнун командасынан шахмат, стол тенниси боюнча кыздар командалары 2-орунду камсыз кылышкандыгын, ошондой эле тогуз коргоол оюнунда да упайлардын көптүгү менен алдыда келе жаткандыгын айтты.

Белгилей кетсек, ОшМУдан универсиадага катышуу үчүн спорттун 18 түрүнөн 182 студент борбор калаага жөнөп кеткен. Ал эми оюндар жыйынтыкталган соң жеңүүчүлөргө университеттин атынан атайын баалуу белектер, акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Фото: Р.Максытовдуку

5929 16:42 13-03-2014

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|