Конференциянын ачылышында сөзгө чыккан финансы-юридикалык коллежинин директору, п.и.к, доцент Тамара Акматова “Азыркы мезгилде өсүп бара жаткан жаш муунду туура тарбиялап, билим берип, жол көрсөтө турган ата-энелер, андан кийин педагогдор. Ошондуктан ата-энелер менен педагогдор кызматташып, пикир алышып, балдардын жаркын келечеги үчүн биргелешип иш алып баруусу зарыл деп ойлойбуз. Бүгүнкү конференциябыздын да негизги максаты ушунда турат” – деп, кайдыгер карабай келген ата-энелерге ыраазычылык билдирүү менен университет, колледждин негизги миссиясы, жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.
Пленардык жыйында т.и.к, доцент Г.Анарбаева “Педагогдор менен ата-энелердин кызматташуусу - учурдун талабы”, директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары А.Маликов “Окутуунун кредиттик технологиялар системасынын өзгөчөлүктөрү”, Өзгөн районундагы Крманжан датка орто мектебинин мугалими М.Мойдунова “Өз ара кызматташууда ата-эненин ролу” деген темаларда баяндама жасашты. Конференциянын иши андан ары финансы жана банк иши, бухгалтердик эсеп жана салык салуу, укук таануу, ПОВТАС деген аталыштардагы секцияларда жүрүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Ошондой эле келген келген конокторго уюштуруучулар тарабынан концерттик программа тартууланды.
Фото Р.Максытовдуку