Haber

ОшМУнун Өзгөндөгү колледжинде Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара өттү

9-май Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына арналган иш-чара ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинде уюштурулду.

Анда студенттер “Кыргызстан согуш жылдарында”, “Бабалар дайым бааланат”, “Энелердин эмгеги эскирбейт” деген темаларды талкуулап, “Мекеним жүрөгүмдө” деген темада сүрөт тартышты.

Иш-чарага активдүү катышкан студенттер окуу жайдын белектери менен сыйланышты.

Согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо максатындагы кечелер окуу жайда байма-бай өтүп турат.

950 20:02 06-05-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|