Haber

Алмазбек Бейшеналиев Баткендеги жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Баткен облусунун Баткен шаарындагы, Баткен жана Лейлек райондорундагы жабыркаган билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышты.

Министр Баткен шаарындагы В.И. Ленин атындагы мектепте, Баткен облустук гимназия-жатак мектебинде, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепте, А. Имаров атындагы мектепте жана Кызыл-Топу мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Андан ары А. Бейшеналиев Баткен районуна барып, №57 кесиптик лицейде баш калкалоого аргасыз болгон качкындар менен жолугуп, аларга түзүлгөн шарт менен таанышты. Ошондой эле Ак-Сай айылындагы М. Ходжаев, Ак-Татыр айылындагы Ж. Момунов атындагы жабыркаган мектептердин абалын өз көзү көрүп чыкты. Министр Баткендеги сапарын улай Лейлек районуна барып, Исфана шаарындагы №1 гимназия-жатак мектебинде жайгашкан качкындар менен жолугушту. Ошондой эле болуп өткөн каргашалуу окуялардан жабыр тарткан «Максат» орто мектебинин, «Сейтек-Максат» балдар бакчасынын абалы менен таанышты.

Куралдуу кагылышуу маалында Максат айылындагы «Максат» орто мектеби талкаланып, жараксыз абалга келген. Буга чейин бул мектепте 200-300 окуучу билим алып, 20 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенген.

Бейшеналиев белгилегендей, мектепти кайра оңдоо иштери жакынкы убакта башталат. «Жаңы окуу жылынын башында балдардын мектепке барып билим алышына шарт түзүүгө аракет кылабыз», – деди министр.

Булак: https://edu.gov.kg/kg/news/almazbek-bejshenaliev-na-mestah-oznakomilsya-s-sostoyaniem-postradavshih-uchebnyh-organizacij-v-batkene/

888 08:43 04-05-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|