Haber

ОшМУ баткендиктерге психологиялык жардам көрсөтүүдө

ОшМУнун психология каферрасынын окутуучулары жана студенттери Баткенде психологиялык жардам көрсөтүүдө

Окуу жайда түзүлгөн атайын топ Баткендеги кыргыз-тажик окуясынан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө биринчи психологиялык жардам берүү максатында 30-апрелде Ош шаарынан жөнөп кетишкен.

ОшМУнун психология кафедрасынын башчысы, практик психолог Акчач Жолдошева жетектеген топто окутуучулар Айида Шерматова, Данияр уулу Нурсултан жана студент психологдордон Зарина Абжаббарова, Акылай Тилебалдыева, Айназик Абдуллакимова, Жазгул Маматова бар.

Психологдор Кызыл чырым, Кызыл жарым Ай, жана Баткен шаарындагы Толеранттуулук фонду менен биргеликте системалуу иш алып барышууда.

Учурда ОшМУнун психологдору аралыктан жана кадимки форматта психологиялык жардамга муктаж үй-бүлөлөрдөгү аялдардын, балдардын психоэмоционалдык абалын баалап, тиешелүү психологиялык жардамдарды көрсөтүүдө.

Ошондой эле Баткен элине жардам берүү максатында 30-апрелде ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамы айлык маянасынын эсебинен 1 млн. сом акча которуу чечими кабыл алынган.

656 11:53 02-05-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|