Haber

ОшМУ пандемияга чейин жана пандемия башталгандан бери каза болгон жамаат мүчөлөрүн эскерди

Ыйык орозо айында окуу жайдын башкы имаратында дасторкон жайылып, коронавирус пандемиясына чейин жана пандемия учурунда каза болгон агай-эжекелер эскерилип, куран окулду.

2019-жылдан бери ОшМУда эмгектенген жана эмгектенип кеткен 19 кызматкер көз жумган. Анын ичинен жетөөсү короновирустан каза болгон. Алардын катарында ОшМУга, жалпы эле агартуу тармагына эмгеги сиңген мурдагы Билим берүү министри Каныбек Исаков да бар.

Өткөндөрдү эскерүү иш-чарасына университеттин 350дөн ашуун кызматкери катышты.

Бул саамалык окуу жайда 2018-жылдан бери салтка айланып уюштурулуп келет.

Видео слайдга шилтеме: https://youtu.be/u4wuxt8lpBk

445 11:41 28-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|