Haber

ОшМУ “Ачык эшиктер күнүнө” карата эссе сынагын жарыялайт!

Урматтуу мектеп бүтүрүүчүлөрү!

Ош мамлекеттик университети 2021-жылдын 15-майында өткөрүлүп жаткан “Ачык эшиктер күнүнө” карата эссе сынагын жарыялайт.

Эгер сиз мектеп бүтүрүүчүсү болсоңуз, төмөнкү эки темада эссе жазып бизге жөнөтүңүз.

• “Мен эмнеге ОшМУну тандадым?"

• "Менин келечектеги кесибим"

Абитуриент бир тема боюнча сынакка катыша алат.

Текстин көлөмү 500 сөздөн ашпоого тийиш. Эссе компьютерде терилип, аты-жөнү, дареги, окуган мектеби, телефон номерлери так көрсөтүлүүгө тийиш. Жыйынтыгы 2021-жылдын 15-майында өткөрүлүп жаткан “Ачык эшиктер күнүндө” чыгарылат. Жеңүүчүлөр (Алдыңкы үч орун) баалуу белектер (Смартфон, наушник ж.б.у.с.) менен сыйланышат. Катталуу ОшМУнун сайты (https://www.oshsu.kg/ же https://priem.oshsu.kg/ ) аркылуу жүргүзүлөт.

Суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылыңыздар: +996322270818, +996700881560

415 12:19 27-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|