Haber

Математика жана информациялык технологиялар факультетинде илим жумалыгы өтүп жатат

Конференция мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдык мааракесине карата уюштурулуп, “Математиканын, информатиканын актуалдуу маселелери жана алардын колдонулуштары” аттуу V илимий-практикалык конференция менен башталды.

Пленардык жыйында физика-математика илимдеринин доктору, профессор Келдибай Алымкулов «Математика илими жөнүндө Пикир!», доцент Бектур Азимов «IT тренддер», доцент Дилбар Кедейбаева «Функциянын туундусунун математикалык эмес адистиктерде колдонмо жагын окутуп үйрөтүүнүн өзгөчөлүктөрү», доцент Уларбек Молдояров «Аралыктан билим берүүнү уюштуруу платформалары», магистр-окутуучу Элнура Авазова «Билим берүүдө интерактивдүү досканы пайдалануу өзгөчөлүктөрү» деген темаларда баяндамаларды жасады. Ал эми тарых илимдеринин кандидаты, доцент Сабыр Арстанов мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган «Жусуп Абдрахманов чыгаан мамлекеттик-саясий ишмер катары» деген темада маалымат берип, студенттердин суроолоруна жооп берди. Конференция секциялык иштерде уланып, студенттер, магистранттар, аспиранттар да илимий баяндамаларын алып чыгышты.

Жумалык олимпиада, интеллектуалдык оюндар, концерттик программалар менен коштолот. Жыйынтыгында окуунун мыктылары, мыкты илимий докладдардын, илим изилдөөчүлөрдүн, олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланат.

Илимий жумалык жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келет, максаты студенттерди илимге кызыктыруу, илимий ачылыштар, жаңылыктар менен тааныштыруу максатын көздөйт.

345 11:50 27-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|