Haber

Студенттер жазуучу Федор Достоевскийдин 220 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы китепканада жазуучу Федор Достоевскийдин 220 жылдыгына арналган “Адам-сырдуу дүйнө” деген аталыштагы адабий кече өттү.

Кечеде жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөр көрсөтүлүп, чыгармачылыгы боюнча окуучулар, студенттер эссе окушту. Активдүү катышуучулар уюштуруучулар тарабынан грамота, кызыктыруучу белектер менен сыйланды.

Иш-чарага ОшМУнун орус филологиясы факультетинин окутуучулары, студенттер, Ош шаарындагы мектептерден мугалимдер, окуучулар катышты.

Жаштарга улуу жазуучу Достоевский жөнүндө кеңири маалымат жеткирүү, окурмандарды китепканага, китеп окууга тартуу максатында өткөн кече ОшМУнун дүйнөлүк адабият кафедрасы жана орус борбору тарабынан уюштурулду.

367 12:03 26-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|