Haber

ОшМУ Урал мамлекеттик медициналык университети менен кош дипломдуулук программасын ишке ашырат

Ош мамлекеттик университетини менен Урал мамлекеттик медициналык университетинин жетекчилери онлайн форматында жолугушту. Ага эки окуу жайдын проректорлору, факультеттин декандары, тиешелүү адистер катышты.

Жолугушууда Медицина факультетинин дарылоо иши, стоматология жана педиатрия багыттары боюнча түзүлгөн биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, 2021-2022-окуу жылында абитуриенттерди кабыл алуу маселелери талкууланды. Жыйынтыгында абитуриенттерди кабыл алуу ушул жылдын 12-июлуна чейин жүргүзүлүүсү айтылды. Кош диплом берилүүчү адистиктерге тапшыргын студенттер 3 жыл ОшМУда, 3 жыл Урал мамлекеттик медициналык университетинде билим алып, эки окуу жайдын дипломуна ээ болушат.

Жыйында кошумча ординатурага тапшыруунун жол-жобосу, окутуучулар жана дарыгерлер үчүн кесипти жогорулатуучу курстарды уюштуруу да каралды. Урал мамлекеттик медициналык университети 70 адистик боюнча ординатурага, 40 адистик боюнча аспирантурага каалоочуларды кабыл алууга даяр экендиктерин билдирди. Ал эми ОшМУнун кызматкерлери үчүн 36 саат, 144 сааттык квалификацияны жогорулатуучу дистанттык курстарды уюштуруп берүүнү колдоду.

602 22:07 22-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|