Haber

ОшМУда илим жумалыктары уланууда

Ушул тапта жумалыктардын алкагында аймактык, эл аралык илимий конференциялар, семинарлар, студенттик илимий конференциялардын цикли, илимий конкурстар, акыл-таймаш оюндары, көргөзмөлөр, студенттик олимпиадалар өткөрүлүүдө. Иш-чаралар кадимки жана онлайн, аралаш форматта уюштурулууда.

Илим жумалыгынын алкагында өтүп жаткан ар бир иш-чарага университеттин профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар, магистранттар, студенттер, Кыргызстандагы жана алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдүн илимпоздору катышууда. Иш-чаралардын видеоматериалдары окуу жайдын сайтына, ютуб каналына жайгаштырылып, шилтемелери студенттерге жөнөтүлүүдө.

“Учурда илим жумалыктарынын алкагында пландалган иш-аракеттерибиз системалуу аткарылууда. Быйыл өтүп жаткан иш-чаралар аралаш форматта факультеттерде, коллеждерде, кафедраларда үзгүлтүксүз, жигердүүлүк менен уюштурулду. Университетте илим жумалыктары май айынын аягында жыйынтыкталат»,- деди Аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Гүлжамал Анарбаева.

Ош мамлекеттик университетинде илим жумалыктары салттуу иш-чара катары жыл сайын март, апрель, май айларында үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.

453 15:07 21-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|