Haber

ОшМУда 15-майда “Ачык эшиктер күнү” өтөт

Ош мамлекеттик университети 15-май күнү университеттин башкы имаратында кесипке багыт берүү максатында “Ачык эшиктер күнүн” өткөрөт.

Иш-чарада окуу-жайдын факультеттери, институттары, колледждери, лицейлери билим жарманкесин тартуулайт. Бардык адистиктер интерактивдүү шоу- программаларын көрсөтөт.

ОшМУ “Ачык эшиктер күнүнө” Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы жана Ош шаарындагы бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүн, мугалимдерин, ата-энелерин конок катары чакырат.

Келген коноктор каалаган адистиктер боюнча маалымат алып, студенттердин колунан жасалган жаңы табылгалар, ойлоп табууларга күбө болушат. Университеттин бардык факультеттерине саякаттоого да мүмкүнчүлүк болот.

Бул күнү ОшМУнун “Адис” окуу борбору, кабыл алуу комиссиясы алдын ала тестирлөө жана жөндөм-шыктарын аныктоочу психологиялык тесттерди жүргүзөт.

“Ачык эшиктер күнүнө” катышууну каалаган ар бир абитуриент https://priem.oshsu.kg/ шилтемеси аркылуу ОшМУнун сайтына кирип, алдын ала катталууга болот.

ОшМУда кесипке багыт берүү иш-чарасы жыл сайын уюштурулат. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан жана Ош шаарынан жалпы 5000 ден ашуун абитуриеттер катышат.

575 11:57 21-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|