Haber

ОшМУда "Чыгыш өлкөлөрүнө саякат - 2021" жарманкеси өттү

Жарманкеге Ош шаарындагы мектептерден 400дөн ашуун окуучулар катышты. Алар чыгыш (араб, түрк, фарси, корей, япон, кытай) элдеринин улуттук баалуулуктары, окуу куралдары, тамак-аш азыктары, ыр-бийлери менен таанышышты.

Иш-чарада ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков мектеп окуучуларына окуу жайдын жетишкендиктери жана билим алууга түзүлгөн шарттар тууралуу айтып берди.

Конок катары катышкан төкмө акын Идрис Айтибаев ОшМУдагы окутулуп жаткан адистиктерди, анын ичинен чыгыш таануу адистигинин өзгөчөлүгү жана андагы билим алган адистердин келечеги тууралуу обонго салып ырдады.

Аталган иш-чараны кесипке багыт берүү макатында Чыгыш таануу жана тарых факультетинин чыгыш таануу кафедрасы жана Чыгыш таануу илимий-изилдөө институту биргеликте уюштурду.

370 11:21 20-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|