Haber

STEM инновациялык колледжинде илим жумалыгы башталды

Жумалыктын ачылышына университеттин жетекчилиги, колледждин окутуучулар жамааты, студенттер катышты.

Иш-чарада студенттер предметтер боюнча илимий баяндама жасашты. Чыгармачыл жаштар концерттик программа да тартуулашты. Иш-чарада ветеринария, трузим, электр менен жабдуу сыяктуу бир топ адистиктерде билим жаткан студенттердин колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү коюлду. Мыкты эмгектерге дипломдор тапшырылды.

“Илим жумалыгы STEM инновациялык колледжинде алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Негизги максатыбыз студенттерди илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимдеги жаңы ачылыштарды, жетишкендиктерди жеткирүү болуп саналат”, -деди колледждин директору Бегайым Абдылакимова.

STEM инновациялык колледжи 2020-жылы ачылган. Учурда 7 адистик боюнча 700гө жакын студент билим алууда.

514 16:21 14-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|