Haber

ОшМУ менен Тамбов мамлекеттик университетинин кызматташтыгы бекемделет

Ош мамлекеттик университети менен Г.Р. Державин атындагы Тамбов мамлекеттик университетинин ортосунда онлайн жолугушуу өттү.

Жолугушууга ОшМУнун эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев, факультеттин декандары, академиялык мобилдүүлүк бөлүмүнүн адистери катышты. Ал эми Тамбов мамлекеттик университетинен эл аралык байланыштар департаментинин директору Ирина Безукладова баштаган тиешелүү адистер, институттардын директорлору онлайн байланышка кошулду.

Эки окуу жай ортосунда биргелешкен билим берүү программалары, кош дипломдуулук жана академиялык мобилдүүлүк маселелери талкууланды. Ош мамлекеттик университети менен Тамбов мамлекеттик университети биргелешкен долбоорлого кирүү жана биргеликте иш-чараларды өткөрүү багытында макулдашууга жетишти.

393 11:10 14-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|