Haber

Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

7-апрель - Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата ОшМУнун "Ак-Буура" кампусунда окутуучулар арасында аралыкка чуркоо боюнча мелдеш уюштурулду.

Ден соолукту чыңдоо жана спортту жайылтууга багытталган иш-чарага окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты.

500 метр аралыкка чуркоо боюнча мелдеште 40 жаштан жогорку окутуучулар арасында 1-орунду Табият таануу жана география факультетинен Матлюба Сариева, 2-орунду Медицина факультетинен Чынара Алдашова, 3-орунду Рахат Ашимова ээледи.

40 жашка чейинки окутуучулар ортосундагы мелдеште 1-орунду медицина факультетинен Айжамал Жумабекова, 2-орунду Айчүрөк Арыпжанова, 3-орунду Эленора Жолдошова жеңишке жетип, диплом, кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын алкагында мелдештин катышуучуларынын жана коноктордун кан басымы өлчөнүп, кеңештер берилип турду.

Ден-соолук күнүн белгилөө Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чечими менен 1948-жылы кабыл алынган.

531 13:46 06-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|