Haber

“Жангак багына” 350 түп бак-дарактар отургузулду

Бүгүн Ош мамлекеттик университетинин Ак-Буура кампусундагы “Жангак багында” жазгы жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарага ректораттан, кесиптик кошуундан өкүлдөр, структура жетекчилери катышып, 350 түп эмен, каштан, карагай, ак кайын, арча жана жангак көчөттөрүн отургузушту. Окуу жай жетекчиси жаңы отургузулган бак-дарактар ОшМУну гана жашылдантып, айланасын кооздукка бөлөбөстөн, Ош шаарына да көрк кошорун белгиледи.

Учурда университеттин бардык окуу корпустарында, жатаканаларында жазгы көркөтөндүрүү иштери алып барылууда.

1161 11:19 06-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|