Haber

ОшМУда “Жүрөктөгү жалын – каректеги от” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Иш-чара Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен биргеликте Эл жазуучусу Казат Акматовдун 80 жылдык мааракесине карата уюштурулду.

Илимий-практикалык конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Койчиев Арслан Капай уулу, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалынын ээси Атантай Акбаров, драматург, Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин КМШ өлкөлөрүнүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы, Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун жетекчиси Жеңишгүл Хулхачиева, Евразия чыгармачыл гильдиясынын вице-президенти (Лондон, Улуу Британия) Марат Ахмеджанов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүайша Арстанбекова жана башка белгилүү окумуштуулар, акын-жазуучулар, өнөр адамдары катышып, жазуучунун чыгармачылыгы, өмүр жолу боюнча баяндамаларды жасашты.

Катышуучуларга Казат Акматовдун «Мунабия» чыгармасы боюнча тартылган Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия» кинотасмасы көрсөтүлдү.

Казат Акматов 1941-жылы 23-декабрда Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында туулган.
"Ыйык журт", "Мезгил, "Мунабия", "Күндү айланган жылдар", “Архат" жана башка роман, повесть, аңгемелери бар. 2013-жылы "Эрика Клаустун 13 кадамы" аталган чыгармасы англис тилинде жарык көргөн.




494 10:12 05-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|