Haber

Акын Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына арналган маараке ОшМУда уланды

Ош мамлекеттик университетинде 2-апрель акын, коомдук ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун 80 жылдык мааракесина арналган иш-чара өттү.

Кечеге акын Атантай Акбаров баштаган бир топ акын-жазуучулар катышып, поэзия сүйүүчүлөрүнө чыгармачылыктарын тартуулады. Акындын мааракелик иш чарасында «Жолон Мамытов» атындагы адабий сыйлыкка татыктуу болгон ОшМУнун коомчулук менен байланышуу департаментинин директору, акын Улукбек Омокеевди куттукташты.

Кеченин экинчи бөлүгүндө чыгармачыл инсандар университеттин факультеттериндеги билим берүүдөгү тажрыйбалары, өндүрүштүк базалары менен таанышты.

Өзгөчө лирикалык ырдарды жаратып, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк тапкан акын Жолон Мамытов 48 жашында дүйнөдөн кайткан. Анын 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара 1-апрелде Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы драма театрында белгиленди.

471 00:25 03-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|