Haber

Медицина факультетинин адистиктери ортосунда студенттик олимпиада өттү

Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин адистиктери ортосунда " Үй-бүлөлүк дарыгерлер - ден-соолукту чыңдоо жолундагы алдыңкы лидерлер!" аттуу студенттердин олимпиадасы өттү. Шаңдуу оюнга факультеттин 6 курсунда билим алып жаткан тайпалардан 5 команда катышты.

Жыйынтыгында “Үй-бүлөлүк медицина планетасы” жана “Иммунитет” командалары 1–орунду, “Импульс” командасы 2-орунду, “Үй-бүлөлүк дарыгерлер лигасы” командасы 3-орунду, “Mix” командасы 4-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр диплом, белектер менен сыйланышты.

Студенттердин олимпиадасы факультеттин ички оорулар 3 кафедрасы тарабынан демилгеленип уюштурулду. Максаты Кыргызстанда, өзгөчө айыл жергесинде үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигин жоюуда салым кошуу, студенттердин бул багытта кесип тандоосуна багыт берүү болуп саналат.

615 21:26 02-04-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|