Haber

Көчмө коллегиянын алкагында коноктор ОшМУнун билим берүү базасы менен таанышты

ОшМУнун базасында өткөн министрликтин көчмө коллегиясынын катышуучулары окуу жайдын Индустриалдык-педагогикалык колледжинин алдыңкы тажрыйба борборунда болуп, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рыспай Абдыкадыровдун музейинде болушту.

Коноктор университеттин санариптик билим берүү чөйрөсү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча аткарылган иш-аракеттерин көрүп, окуу жайдын автоматташтырылган маалыматтык системасы, «Онлайн прокторинг» технологиясы менен компьютердик тестирлөө , электрондук документ айлантуу системасы, каржы-экономикалык иш-аракеттеринде ачык-айкындуулукту камсыздоо жана автоматташтыруу багытында аткарылган иштер менен таанышышты. Ошондой эле университеттин Искусство, Кыргыз-кытай факультеттериндеги билим берүүдөгү тажрыйбаларын көрүштү.

535 16:20 31-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|