Амбулаториялык дарт аныктоо бөлүмүндө лаборатория, флюорография, ультра үн аппараты, эндоскоп, эхо сыяктуу керектүү бардык каражаттар бар. Бул бөлүмдөн окутуучулар жана студенттер жылына бир ирет текшерүүдөн өтүп турушат.
Коноктор окуу жайдын Ак-Буура кампусунда жайгашкан медициналык клиникасы, эл аралык медицина, медицина факультетинин окуу-лабораториялык корпустарындагы билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен таанышты.