Haber

ОшМУда журналисттер арасында викторина кечеси (Quiz Night) өттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековдун демилгеси менен 8-Март- Аялдардын эл аралык майрамына карата Ош шаарындагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында викторина кечеси (Quiz Night) өттү. Акыл таймашына 8 команда катышты.

Ректор Кудайберди Кожобеков: "Жалпы коомду агартууда өлкөбүздө массалык маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз. Коомду агартуу багытында массалык маалымат каражаттары менен өнөктөш катары бирге кызмат кылабыз", -деген сөзүн айтып, оюнчуларга ийгилик каалады.

Мелдеш 2 тур менен өттү. Анда журналисттер ой жүгүртүү багытындагы 10 суроого, белгилүү кыргыз айымдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан 10 суроого жооп беришти.

Жыйынтыгында АКИpress маалымат агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн кызматкерлери 14 упай менен 1-орунду багындырды. 2-орунга "Ош Пирим" телеканалынын журналисттери менен "Ынтымак" телеканалынын кызматкерлери жетишти. 3-орунду "Т-Медиа" командасы менен ЭЛТР командасы ээледи. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык, майрамдык белектер ыйгарылды.

835 12:20 07-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|