Haber

Динара Курбанбаева Эл аралык кесипкөй бухгалтердик мектебинин 2 сертификатына ээ болду

ОшМУнун башкы эсепчисинин орун басары Динара Курбанбаева Эл аралык кесипкөй бухгалтердик мектебинин “Финансылык эсеп” жана “Бухгалтериянын негиздери” багыттары боюнча сертификаттарын алды.

Буга чейин кесипкөй бухгалтердик мектеби Ош шаарында мекеме-ишканалардын эсепчилерин окууга кабыл алган. Окуунун жыйынтыгында сынактан 2 бухгалтер гана өткөн. Анын бири ОшМУнун кызматкери Динара Курбанбаева

“Бухгалтердик багыт дайыма жаңыланып, заманга жараша өзгөрүп турат. Заманга шайкеш иштөө үчүн билимибизди өркүндөтүп туруубуз зарыл. Бухгалтердик кесипкөйлөр мектебинде өткөн жылы жай, күз айларында окуп, сынак тапшырганбыз. Жыйынтыгы жакын арада чыгып, жогорку упай менен сынакты ийгиликтүү тапшырдым”, - деди.

Бухгалтердик окууга катышкан ОшМУнун кызматкерлеринине университет тарабынан да каржылык колдоо көрсөтүлдү.

634 01:07 05-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|