Haber

ОшМУда Туу күнү белгиленди

Бүгүн Кыргызстандын мамлекеттик туусу кабыл алынганына 29 жыл. Буга байланыштуу ОшМУда профессордук-окутуучулук курамдын, студенттердин катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.

Аталган иш-чара окуу жайда студенттерди мекенчилдикке тарбиялоо, жаштар арасында өлкөбүздүн символикаларын урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында жыл сайын уюштурулуп келет.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков эң башкы символикаларыбыздын бири болгон Туу күнү менен куттуктап, ар бир жаран үчүн туу баалуулугун билүү, сезүү милдети экендигин айтып, бардык тармак боюнча өлкөбүздүн туусу бийик желбирей берсин деген тилегин билдирди.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, мекенчилдик темасындагы обондуу ырдар жаңырды.

992 13:04 03-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|