Haber

ОшМУнун агайларынан айымдарга ыр десте

Ош мамлекеттик университетинин мырзалар жамааты окуу жайда эмгектенген айымдарга «ОшМУнун агайларынан айымдарга ыр десте» аттуу майрамдык кече тартуулады.

ОшМУнун факультет, колледждеринде эмгектенген таланттуу агайлар ыр ырдап, айымдарга арналган тамашалуу ырлардан көркөм окуп, эжекелердин майрамдык маанайын көтөрдү.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жалпы мырзалардын атынан куттуктоо жолдоп, айымдар иште мээнеткеч айым, үйдө жароокер жар, мээримдүү эне экендигин, окуу жай билим берүүдө, илимде, спортто, чыгармачылыкта ийгилик жараткан айымдар менен дайыма сыймыктанып келерин белгиледи.

Кеченин соңунда ОшМУнун кесиптик кошуун комитети тарабынан майрамга карата факультет, колледждерде эмгектенген айымдар ортосунда уюштурулган волейбол мелдешинде жеңишке жетишкен командалар диплом, акчалай сыйлыктар менен сыйланды.

743 16:16 02-03-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|