Haber

ОшМУ Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында мелдеш уюштурду

Ош мамлекеттик университетинде 23-февраль-Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата студенттер ортосунда спорттук мелдеш өттү.

Мелдешке Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 100дөн ашуун студенттер катышып, спорттун 7 түрү боюнча күч сынашышты.

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө ОшМУнун жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин дипломдору, кызыктыруучу белектери ыйгарылды.

Майрамга карата уюштулган мелдештер ОшМУнун жаштар комитети жана окуу жайдын “Ынтымак” спорт клубу тарабынан жаштар ортосунда ынтымакты, достукту бекемдөө, сергек жашоого үндөө максатында демилгеленип уюштурулган.

686 21:51 23-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|