Haber

Окуу жай жетекчилиги Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен таанышты

Бүгүн, 20-февралда Ош мамлекеттик университетинин ректору К. Кожобеков, окуу иштери боюнча проректору З. Божонов жана бир катар жетекчилер университеттин базасында курулуп жаткан Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалынын курулушу менен жеринен таанышты.

Окуу жай жетекчиси имаратынын курулуш иштери, ички бөлүктөрү менен таанышып чыгып, курулушту тез арада сапаттуу бүтүрүп берүүсүн курулушчуларга дайындады.

Учурда окуу имаратынын курулушунун негизги бөлүгү бүтүп, ички-сырткы жасалга иштери жүрүп жатат. Имараттын курулушу жакынкы аралыкта бүтүп, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө.

373 22:49 20-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|