Haber

Билим берүү жана илим министри баштаган делегация Бириккен Араб Эмираттарында жана Пакистанда иш сапарда болуп келди

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарында жана Пакистанга болуп келди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргенбей иш сапардын алкагында Абу-Даби шаарында Бириккен Араб Эмираттарынын билим берүү министри Хуссейн бин Ибрагим аль Хаммади, БАЭнин премьер-министринин кеңсесинин башкы директору Абдулла Нассер Лутах, ошондой эле министрлер кабинети жана БАЭнин келечегинин иштери боюнча министрликтин башкы директору Ясер Аль Нагби менен жолугушкан.

16-февралда аталган делегация Пакистанга иш сапары менен барып, билим берүү жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Махмуд жана жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури, Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки менен жолугушуп, Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселелерди чечүүгө жетишкен. Ошондой эле Пакистандын саламаттыкты сактоо министри Файсал Султан менен жолугуп, Кыргызстанда окуп жаткан пакистандык студенттер тууралуу маек курган.

Делегациянын курамында барган Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков Бириккен Араб Эмираттарында жана Пакистанда жолугушуулардын алкагында жогорку окуу жайларынын ректорлору менен эки тараптуу кызматташуу, академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү алып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, ошондой эле Пакистан студенттеринин билим алуусуна шарттарды жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Булак: https://bilim.akipress.org/kg

672 21:49 20-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|