Haber

ОшМУ Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн белгиледи

Ош мамлекеттик университетинде 21-февраль- Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган “Тил – улуттун жүзү” аттуу эл аралык иш-чара уюштурулду.

Университеттин короосунда Ош шаарындагы түрдүү улуттардын улуттук маданий борборлорунун маданий мурастары, кол өнөрчүлүгү, баалуулуктары чагылдырылган көргөзмөлөрү, окуу жайдын факультет, колледждеринин арасында уюштурулган кароо-сынактардын жыйынтыгында мыкты деп табылган факультеттердин акыркы жылдарда жарык көргөн эмгектеринин көргөзмөлөрү тартууланды.

Майрамдык салтанатка карата уюштурулган кароо-сынактын мыкты номерлери тартууланып, университетте окутулуп жаткан кыргыз, орус, өзбек, англис, немец, түрк, кытай, корей тилдерде ар бир улуттун эне тили ыр, бий, көркөм окуулар аркылуу даңазаланды. Кыргыздын баалуу мурасы болгон “Манас” эпосунан үзүндү айтылып, мамлекеттик тил гимни ырдалды.

Салтанатка Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчы Алмагүл Тилекманова, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы Балтагул Нурунбетов, Ош шаарындагы диаспоралардын, маданий борборлордун өкүлдөрү, акын-жазуучулар, массалык маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышышты.

Жыйынтыгында майрамдык иш-чарада активдүү катышкан факультет, колледждер, таланттуу студенттер университеттин дипломдору, сертификаттары, акчалай сыйлыктары, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө арналган иш-чара Ош мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Мастура Шарипованын демилгеси менен уюштурулду.

1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнү деп жарыяланган.

1036 10:29 19-02-2021

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|